Түркиянын Анталия шаарында сойкулукка каршы операциянын жүрүшүндө 22 киши кармалды. Алардын 10у чет өлкөлүк жарандар. Бул тууралуу Нurriyet басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө үйдө, жатакана жана мейманканаларда сойкулукка мажбурланган Кыргызстандын 1, Өзбекстандын 5, Түркмөнстандын 3 жана Марокконун 1 жараны кармалды. Тинтүү маалында үйлөрдөн 15 миң лира, 5 миң евро жана 5 миң 500 доллар табылды.
Чет элдик жарандар миграция кызматына өз мамлекетине депортация кылуу үчүн жеткирилди.