15:59
USD 87.00
EUR 90.59
RUB 0.87

Текебаев менен Чотоновдун иши. Алмазбек Атамбаев Леонид Маевский менен жолуккан

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү болуп, ага Айнура Сатарова төрагалык кылды. 

Отурумдун жүрүшүндө УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Нурбек Абдырахманов суралды. 

Анын айтымында, 2010-жылдын сентябрында Өмүрбек Текебаев Леонид Маевский менен жолугушкан. Ага чейин аны менен Алмазбек Атамбаев жолуккан. 

«Биз Өмүрбек Текебаев менен Москвага учуп барганбыз. Орусиянын Мамлекеттик думасында жолугушуу болгон, ал күн 1 же 2-сентябрь болчу. Талант Маматкеримов Леонид Маевский менен бирге инвестициялык долбоорду ишке ашыргысы келип жатканын айтып, анын досу Азат Базаркулов Мегакомдун директорунун орун басары болгонун, жакын арада компаниянын башкы директору бол турганын кошумчалаган.  Маматкеримов Маевскийди Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнөн жолугушканын айтып берген. Жолугушуу качан болгонун билбейм. Ошол эле жылдын сентябрында Маевский Текебаев менен жолугушкан, бирок ал Атамбаев менен жолугушкандан кийин болгон", - деди Нурбек Абдырахманов.

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Эң көп окулган жаңылыктар