Бишкектеги Ленин райондук калкты тейлөө борборунда кезек күткөндөрдүн саны арбын. Бул тууралуу кезекте тургандардын бири Назгүл Жамгырчиева соцтармакка жазып, сүрөтүн жарыялады.
Ал кичинекей кагаз алуу үчүн 1 саат кезекте турганын айтат.
«Оператор жалгыз иштеп жатканын билдирип, күтө тургула деди. Экинчи оператор декреттик өргүүгө кетиптир. Менин буга кандай тиешем бар?», — дейт автор.
Ал Каттоо кызматына кеткен кадрдын ордуна башка кызматкер алгыла деп кайрылды.