06:29
USD 87.44
EUR 89.38
RUB 0.85

Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

20-ноябрдан 24-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

20-ноябрда эртең менен жана 21-24-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

21-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −6...-11°, күндүз −2...-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн −5...-10°, күндүз 0...-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн −8...-13°, күндүз −4...-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −7...-12°, күндүз 0...-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −10...-15°, күндүз −1...-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн −12...-17°, күндүз −5...-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −20...-25°, күндүз −10...-15° суук болушу күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар