12:13
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кой-Таш окуясында каза болгон жоокердин үй-бүлөсүнө жардам берүү сунушталды

Депутат Махабат Мавлянова кесиптештерине 7-августта Кой-Таш окуясында каза болгон «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөтүүнү сунуштады.

Анын айтымында, үй-бүлө акчага муктаж. «Каза болгон жоокердин туугандары күнөөлүүнү жазалоону талап кылышууда. Атамбаев мурунку президент болобу же же башка болобу, бирок үйүнө ок атуучу курал кармаганы мыйзамсыз», — деди депутат.

Эске салсак, мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүн басып алууда УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмчөсүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапкан.

 
Эң көп окулган жаңылыктар