USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Депутат: Экономикалык кылмыштуулукка катыштыгы барлар камакка алынбасын

10:42, 31 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Дастан Бекешев парламенттин отурумунда экономикалык кылмыштуулук боюнча кылмыш ишине катыштыгы барлар камакка алынбасын деп айтып чыкты.

Анын билдирүүсү боюнча, айыпталуучуларды тергөө абагына киргизишет, андан кийин тергөөчүлөр белгилүү бир сумманы ишкерлерден талап кылып, мунун эсебинен укук коргоо түзүмдөрү коррупцияга каршы эсепти толтуруп жатат.

«Эч ким камакта отургусу келбейт, коммерсанттар дагы тергөө менен сүйлөшүп алат. Бул туура эмес. Мындай кишилерге сотко чейинки өндүрүш маалында же үй камагына чыгарылып, же чет жерге чыгышына тыюу салынышы керек», — деди Дастан Бекешев.

Ал УКМКнын тергөө абагындагы кишилерди кармоого жылына 100 миллион сом, ЖАМКтын тергөө абагына 200 миллион сом коротула турганын айтты.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика