04:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ишкерликти көзөмөлдөбөйбүз. ИИМ депутатка жооп кайтарды

ИИМ депутат Дастан Бекешевдин экономикалык маселелерге аралашуу тууралуу сынына жооп берди.

Министрликтин айтымында, экономикалык кылмыштуулукту аныктоо жана иликтөө функциясы министрликтин карамагынан чыгарылган.

«ИИМдин буйругу чыккан, анда ИИБнын кызматкерлери, анын ичинен аймактык тескөөчүлөр ишкерлик субъектилерин текшерүүсүнө тыюу салынган. Мындан тышкары Мыйзамда белгиленген жагдайлардан сырткаркы учурларда тиешелүү уруксат берүүчү документтерди, патентти, квитанцияларды талап кылууга тыюу салынган. Милиция бизнеске аралашпайт, санкциялык эмес текшерүүнү жүргүзбөйт, мүлктү камакка алууга жана банктык эсепти тоңдурууга укугу жок», -деп билдиришти ИИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар