22:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутат менен УКМКнын өкүлү кайым айтыша кетишти

55 өлкөгө визасыз режимди киргизүү тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүүнү талкулап жатканда депутат Дастан Бекешев менен УКМКнын төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралды.

УКМКнын өкүлү билдиргендей, визасыз режимди 2030-жылга чейин эмес, 2025-жылга чейин гана киргизүү керек. ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асановдун айтымында, министрлик мыйзамдолбоорду колдойт, бирок мөөнөтүн өзгөртүү керек деп эсептейт.

«Ички жана сырткы коопсуздукту эске алып, өкмөт мыйзамды 2025-жылга чейин узартууну сунуштады, биз муну колдойбуз», -деди ал.

Депутат Дастан Бекешев УКМК менен ИИМ дайыма элди коркутуп келет деген оюн билдирди.

«Алар дайым эле бир нерсе болушу мүмкүн деп айтышат. Балким эч нерсе деле болушу мүмкүн эмес, бул жөн гана көзү ачыктык. Биринчи жол мыйзамды кабыл алып жатканда, алар депутаттардан аны алып салууну суранышкан. Бирок, биз ага макул болгон эмеспиз. Документ кабыл алынды, бирок эч нерсе болгон жок. Эгерде бизге террорист келе турган болсо, аны эч ким токтото албайт», -деди депутат.

«Коркунучтарды алдын алуу биздин милдет. Бул сырткы саясатка да тиешелүү. Толугу менен ачылганга болбойт, мындан улам анын мөөнөтүн 2025-жылга чейин гана узартуу сунушталууда», -деди Асылбек Кожобеков.

Эң көп окулган жаңылыктар