09:35
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кантта 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду

Кант шаарында 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучунун ата-энеси тосмо арыз жазып беришти.

«Алдын ала маалыматка ылайык, кыз өзү укук коргоо органдарына эч кандай зордуктоо болгон эмес деп билдирген. Анын айтымында, эки тараптын макулдугу менен болгон», -деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, май айында Кант шаарындагы эс алуу жайынан өспүрүм 13 жаштагы кызды зордуктаган. Гинекологдор кыздык белгинин бузулганын тастыкташкан. Алар туугандарына эки тараптын макулдугу менен жыныстык катнашка барганын айтышкан.