08:19
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Катар-2022. 14-ноябрда Кыргызстандын футболчулары Жапония менен беттешет

14-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Жапониянын командасы менен беттешет. Мелдеш Кыргызстанда өтөт. 

Эске салсак, кечээ Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Монголия менен беттешти. Анда кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. 

Биринчи таймда улуттук курама командадан биринчи топту Гүлжигит Алыкулов, экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизди.

Буга чейин кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизген болчу.

19-ноябрда Кыргызстан Тажикстан менен футбол ойнойт.

Эң көп окулган жаңылыктар