Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн ал жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат.
Мындан тышкары экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.