12:18
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Үч мамлекеттик оорукананы өзүн-өзү каржылоого өткөрүү каралууда

3 мамлекеттик оорукананы өзүн-өзү каржылоого өткөрүү каралууда. Бул тууралуу тегерек столдо Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, «Дени сак киши- гүлдөгөн өлкө» аттуу калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча өкмөттүк программанын алкагында, пилоттук режимде мамлекеттик же улуттук статусту алып жүргөн стационарларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү каралган.

Биринчи этапта Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, Жүрөк хирургиясы илимий-изилдөө институтун жана Улуттук хирургия борборун өткөрүү пландалууда.

Кубанычбек Калмаматов кошумчалагандай, документ ведомстволор аралык макулдашуудан өтүүдө. «Андан соң медициналык жардам көрсөтүүнүн стандарттары, ар бир оорунун баасы иштелип чыгат», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар