12:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Патрулдук милиция 1-октябрдан тарта иштеп баштайт

Патрулдук милиция 1-октябрдан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Сынактан тандалып алынган Патрулдук милиция кызматкерлери 3 айдан бери ИИМ академиясынын базасында окуп жаткан. Сентябрда окуу аяктайт.

«Патрулдук милициянын штаты 871 кишиден турат. Сынактын жыйынтыгы боюнча 356 кызматкер тандалып алынган. Айлык жана башка чыгымдарга деп мамлекеттик бюджеттен 197 миллион сом бөлүнгөн», -деди Жеңиш Разаков.

Эң көп окулган жаңылыктар