13:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жаштар менен патрулдук милициянын жолдогу «тентектиги»

«24.kg» маалымат агентигине келип түшкөн видеодо жаштар менен Патрулдук милициянын жолдо көрсөткөн башаламандыгы тууралуу баяндалат.

Видеонун жөнөткөн окурман, рулда ИИМдин жаш кызматкерлери олтурганын маалымдайт.

«Булар журналисттер жана ИИМдин ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери жанында болгондо гана ушинте алышат. Кыскасы, булар ИИМдин жаш кызматкерлери, же атасы бай балдар. Өзүңүздөр көрүп тургандай видеодо Бишкек, Ош, Токмок, Чүй. Деги эле республика боюнча эч ким буларды токтото жана тартипке сала да албайт. Андыктан, жол коопсуздугун текшерген рейддер эч нерсе чечпейт», — деп жазып жөнөткөн.

Видео, фото, маалыматтары WhatsApp, же Viber — (0555) 312–024 аркылуу жөнөтө аласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби