23:58
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Милициянын патрулдук кызматына тесттен 1 миң киши өттү

Милициянын патрулдук кызматына тесттен 1 миң 5 киши өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМди реформалоо боюнча жумушчу тобунун мүчөсү Азамат Акенеев билдирди.

Айтымында, бул биринчи экзаменде 30 баллдан жогору алган талапкерлер.

«Экзаменге 1 миң 104 киши келген. Жыйынтыгы боюнча 99 киши тесттен өткөн жок. Финал маалында физикалык даярдык жана оозеки маектешүү негизги ролду ойнойт», -деди Азамат Акенеев.

53 талапкер 30 балл алышкан. Ал эми Балбак Алдабергенов 100 балл, Санжар Жаңыбаев 97 балл алган. Дагы 8 талапкер 93 балл, 3 киши 90 балл алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар