Бишкектеги Даир Асанов атындагы аскердик лицейден 50 тарбиялануучу качып кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булак билдирди.
Окуя кечээ болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, 11-класста окуган окуучулар үчүн күндүн катуу тартиби жакпайт. Учурда аскердик лицейде окуя иликтенүүдө.