Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков өзү милицияга келди. Алардын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына келгендиги видеого тартылган.
Жаныбек Бапышов таңкы саат 4.00дө, андан кейин Калысбек Сейитбеков дагы өз ыктыяры менен келишкен.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы шектүүлөр ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кармалганын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кармалганын айтууда.
Шектүүлөр учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.
Саламаттык сактоо министрлигинен 28-августта Улуттук госпиталга 31 жаштагы бейтап келгенин айтышты.
«2 күндөн кийин жабырлануучу комадан чыкты. Аны нейротравма бөлүмүнө которушту. Анын баш мээси чайкалган, абалы орто оордукта», -деп билдиришти министрликтен.
Ишти ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлгө алып, өкмөт башчысы күнөөкөрлөрдү кармоону буйруган.
Жаныбек Бапышов 1985-жылы, Калысбек Сейитбеков 1999-жылы туулган.