Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанында болгон.
«28-августта Ленин РИИБга арыз менен Д.М. кайрылган. Ал күйөөсүн сабап качып кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Кесепетинен 31 жаштагы М.А. ооруканага түшкөн. Мушташтын дагы бир катышуучусу 31 жаштагы Б.У. Улуттук госпиталга жаткырылган», -деп билдиришти ШИИББдан.
Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар 34 жаштагы Б.Ж. жана 20 жаштагы С.К. болуп чыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинен 28-августта Улуттук госпиталга 31 жаштагы бейтап келгенин айтышты.
«Кечээ жабырлануучу комадан чыкты. Аны нейротравма бөлүмүнө которушту. Анын баш мээси чайкалган, абалы орто оордукта. Ошондой эле ошол эле күнү Улуттук госпиталга жаагы сынган бейтап келип түштү», -деп билдиришти министрликтен.