Бишкек шаарындагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыгып, кесепетинен 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылды.
«Жабырлануучулардын биринин абалы орто оордукта, экинчисинин абалы өтө оор», -деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан бүгүн өрт чыгып, 6 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.