04:47
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

«Форумдун» алдына чогулгандар жеңил унааларга отуруп, Кой-Ташка жөнөп жатышат

Фейсбуктун Булат Сатыркулов аттуу колдонуучусу өздүк баракчасына «Форумдун» алдына чогулгандар жеңил унааларга отуруп, Кой-Ташка жөнөп жатканын жазды.

Айтымында, 100гө чукул киши чогулган. Белгилей кетсек, күбөлөрдүн айтымында, 3 «КамАЗ», 5 автобус жана 2 кичи автобус милиция Кой-Ташка кетишти. Атамбаевдин тарапташтары жөө «Форумга», андан ары Ак үйгө барып, Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышмак. Бирок, алар кайра Кой-Ташка барууну чечишти.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.

Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.

27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар