03:03
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Элдик кошуундар шаардык тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чогулушууда

Элдик кошуундар шаардык тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн чогулушууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку депутат, кыймылды түзүү демилгесин көтөрүп чыккан Данияр Тербишалиев билдирди.

«Биз саясаттан сытркары түзүлгөн уюмбуз, элдик кошуунду чогултуу идеясы Кой-Таш окуясынан кийин пайда болду. Тааныш-билиштерди чогултуп жатабыз», -деди ал.

Анын айтымында, 700гө жакын ыктыярчы чогулду.

«Биз укук коргоо органдарына жардам берүү үчүн, шаардын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо үчүн чогулдук. Абал өзгөрүп кетиши да мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да биз башаламандыкка жол бербей, талап-тоноочуларга туруштук көрсөтөбүз», -деп кошумчалады мурунку депутат.

Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.
 
Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
 
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.
 
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.
Эң көп окулган жаңылыктар