Саясатчы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү болуп жаткан кырдаал тууралуу үн катты. Ал президентке жана мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылып, тирешүүнү токтотууну сунуштады.
«Алакандай Кыргызстаныбызда кайрадан жүрөк үшүн алчу окуя болуп кетпесин! Элибиз менен укук коргоо кызматкерлерибизди козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тезинен бул тирешүүнү токтотууга азыркы президент Сооронбай Шарипович менен экс-президент Алмазбек Шаршеновичти чакырам!Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек! 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010 жылы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат!», -деп айтылат кайрылууда.
Ал элди курмандыкка чалбай, жеке кызыкчылыктарды тыйууга чакырды.

