Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев айланасында болуп жаткан жагдай тууралуу элге кайрылуу жасады.
Ал бийлик мыйзамсыз түрдө Конституцияны бузуп, үйүнө куралчан кирип келгенин, алгач желим ок менен кийин согуштук ок менен атышканын айтат.
«Экс-президент Атамбаев террорчу эмес. Анын тегерегине келген эл дагы террорчу эмес. Алар адаттагыдай эле саат 19:00дө мени менен сүрөткө түшөйүн деп келишкен. Күнөөсүз жарандарыбыз жаракат алышты. Негизи бул уят нерсе. Мен Батукаев боюнча тийиштүү суроолорго кагаз түрүндө жооп берип, гезит, сайттарга чыгаралы дедим. Андай болбойт дегенден улам сыр кылып ИИМ үчүн жазып берели деп сунуштадым. Мени таң калтырып, кайгыртканы Батукаев боюнча менин коррупциялык ишим жок. Аны Сооронбай Жээнбеков жакшы билет», -деди ал.
Ал жогору жакка бул ишти токтотууну, болбосо аягы жаман бүтөөрүн кошумчалаган.
Эске салсак, кечээ кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болгон. Анда желим ок тийип ооруканага кайрылгандардын арасында мурунку депутаттар, 24.kg агенттигинин журналисти бар экени кабарланган. Ошондой эле күч органдарынан дагы таш тийип жаракат алгандар аныкталган.
Айрым маалыматтарга таянсак, каза болгон күч органдарынын кызматкерине аскердик ок жаңылган. Аны снайпер атышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок, ал келүүдөн баш тарткан.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

