Алмаз Оңолбеков берген арызына ылайык Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Маалыматты 24.kg агенттигине өкмөттүн аппаратынан тастыкташты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Маалыматка караганда, анын ордуна Алтынбек Торутаев дайындалды. Ал буга чейин төраганын орун басары болуп иштеген.
Белгилей кетсек, Оңолбековдун дарегине карата бир канча сындар айтылып келген.