04:08
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аткезчилик жол менен 24 миң даана лампочканы ташып бара жаткандар кармалды

Айдаркен чек ара бөлүмү аткезчилик жол менен 24 миң даана лампочканы ташып бара жаткан кыргызстандыктарды колго түшүрдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы М.А., жана 29 жаштагы Д.И., аттуу кыргызстандык жарандар «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаасы менен көзөмөл өткөрмө жайынан тышкары лампочканы коңшу Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жанында жүккө тиешелүү документтери болгон эмес.

Жүктүн жалпы наркы 240 миң сомду түздү.

Тийиштүү документтер толтурулган соң жарандар жүгү менен кошо Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар