04:57
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Салык кызматы июль айындагы планды ашыгы менен аткарды

2019-жылдын июль айында 6 миллиард 747,1 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, белгиленген план 102,2 пайызга аткарылды. 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754,4 миллион сомго өстү.

Ушул эле мезгилде 2 миллиард 512,5 миллион сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 266,2 миллион сомго өстү.

Эң көп окулган жаңылыктар