21:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ош, Талас, Нарын. Ырларда орун алган тоо, жер, суу аттары

Ар бир улуттун мекенчилдикке үндөп, туулган жерди сүйүүгө чакырган ырлары бар. Кыргыз акындары дагы туулуп өскөн аймактарын даңазалап чыгарма жаратып, аларды өз кезегинде ырчылар элге тартуулап жүрүшөт.

24.kg агенттиги ырларда орун алган Кыргызстандын аймактарын, жер-суу аттарын тизмектеди.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Лейлегимди сагындым...

Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш жайгашкан Баткен облусу өрүкзары жана Кызыл китепке кирген Айгүл гүлү менен таанымал. Бул аймактын кооздугун даңазалап ырдагандардын сап башында легендарлуу «Биз» тобунун ырчысы Бактияр Токторов турат. Анын «Лейлек, Лейлек» деген чыгармасы азыркыга чейин тойлордун көркүн ачып келет.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Мындан тышкары Кыргыз Эл артисттери Саламат Садыкованын «Айгүл-Тоо», Гүлнур Сатылганованын «Ачылайын Айгүл-Тоонун гүлүндөй», ырчылар Гүлжигит Сатыбековдун «Исфана», Таалайбек Абдыганиевдин «Лейлек күрөш», «Лейлегимдин кыздары», Таалайбек Тойчиевдин аткаруусундагы «Баткеним» аттуу чыгармалары облустун кооздугуна, анын жашоочуларына арналган.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Жаштардын шаары Жалал-Абад...

Жалал-Абад облусу көз жоосун алган Сары-Челек көлү, Арсланбап жаңгак токою жана башка тарыхый жайлары менен белгилүү. Аталган регионду даңктап ырдагандардын арасында Эмгек сиңирген артист Бек Борбиев «Токтогулдун күнүндөй» аттуу чыгармасын элге сунган. Жаш ырчылар Мурадил Данияров «Жалал-Абад», «Сары-Челек», Мирлан Баеков «Токтогулум», Нарынбек Калыбаев «Мекенчил Аксы жаштары», Гүлнур Асанова «Аксы экен», Жеңишбек Айтиев «Жаштардын шаары Жалал-Абад» деген ырларды аткарып жүрүшөт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин жердештерине арналган «Токтогулдук карындаш» жана «Токтогулга кетесиңби?» аттуу чыгармалары учурунда хит болгон. Азыр деле актуалдуулугун жогото элек.

Садагам Оштой жеримден...

Даңазалуу Ош шаары байыркы тарыхы, Сулайман-Тоосу менен даңкталат. Ырчылар Айжамал Кабылова «Мажүрүм тал Оштун символу», Айнура Салахидинова «Ош түнү», Гүлжигит Сатыбеков «Оштук кыз», Кубаныч Сатаев «Түштүк кызы», Венера Назаралиева «Ош», Керим Турапов «Кыргызымдын жүрөгүндө Ошу бар», Лутфилла Бусурманкул уулу «Сулайман-Тоо» деген чыгармаларды аткарып, экинчи борборду даңазалап жүрүшөт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Мындан тышкары «Жоролор» тобунун «Ош сонун», Тотомидин Жолдошовдун «Ошко», Чырмаш Төрөбековдун «Ош шаарым», Түмөнбай Колдошовдун «Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң?» аттуу ырларын эл жашкы көрүп тыңдайт. Ырчы айымдардан Кенже Дүйшеева, Элбарчын Калилова, Кыздаркан Келдибекова, ал эми мырза ырчылардан Темир Назаров, KG Эльмурат, Мирбек Атабеков да Ошко таазим этип ыр аткарышкан. Облустун аймагында орун алган Өзгөн, Жапалак, Чоң-Алайга арналган ырлар бар экенин кошумчалай кетелик.

Алыстан келген адамдар Кеткиси да келбейт Таластан...

Айкөл Манас жердеген Талас аймагы баатырдын күмбөзү жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган айылы менен таанымал. Бул облусту даңазалап ырдагандардын арасында Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабеков бар. Анын аткаруусундагы «Таласым» чыгармасы көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Мындан тышкары Фарида Карбосова Талас тууралуу ыр ырдаса, Замир Арыкбаев менен Мирбек Иманбеков Таластык кыздарга арналган чыгарманы элге сунушкан. Эмгек сиңирген артист Бек Борбиевдин «Таластын гүлү», Сыймык Бейшекеевдин «Таластык кызга» арналган ырлары бар.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Ортомчу бизге Ысык-Көл...

Кыргызстандын бермети аталган Ысык-Көл аймагы кооздугу менен өзгөчөлөнөт. Көлдүн сулуулугуна арналган ырларды Кубаныч Сатаев, Ирлан Таалайбеков, Нурлан Насип менен Бегиш, Кенже Көбөкова, Саламат Садыкова аткарып жүрүшөт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Жазуучу Чыңгыз Айтматовго таандык «Ысык-Көлдү сагынуу» ырын Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова аткарып, көптөгөн мааракелерде жаңырып жүрөт. Мындан тышкары Сыймык Бейшекеев, Ильяз Абдыразаков көлдүк кыздарга арнап ырдашканы бар. Каракол жана Балыкчы шаарларын даңазалаган ырлар бар экенин кошумчалай кетелик.

Маркум Гүлбү Ороскул кызынын «Ортомчу бизге Ысык-Көл» аттуу чыгармасы да эл тарабынан жакшы кабыл алынган.

Нарындан жазган салам кат,

Тоолуу Нарын жергеси айтылуу Кошой-Коргон чеби, Таш-Рабат, Соң-Көл жана башка кооз жайлары менен арбап турат. Нарын облусун даңазалап ырдагандардын катарын Кенже Көбөкова толуктайт. Ненанын аткаруусундагы «Нарындан жазган салам кат» ыры жаш-кары дебей сүйүп уккан чыгарамалардан. Аида Кулуеванын «Ат-Башы», «Кең Тянь-Шань», Майрам Дүйшекееванын «Соң-Көл», Акбар Сүйүнбаевдин «Нарындык периште» аттуу ырлары бар. Белгилүү комузчу маркум Нурак Абдырахмановдун дагы аталган аймакта орун алган көлгө арналган «Соң-Көл баяны» аталышындагы күүсү бар.

Сары-Өзөн, Сары-Өзөн...

Чүй өрөөнү жайылып жаткан кең талаасы, көптөгөн тарыхты камтыган Бурана мунарасы менен белгилүү. Чүй облусуна арналган чыгармалардын катарында «Сары-Өзөн» бар. Бул чыгарма аймактын гимни сыяктуу болуп калган. Ырчы Адилет Азимовдун «Кара-Балта», Курал Чокоевдин «Кара-Балта-Кайыңды», Руслан Нарынбаевдин «Чүйлүк кыз», Дилбар Райымбекованын «Суусамыр», Мухтар Атаналиевдин «Чүй кызы», Анарбек Ибраевдин «Ысык-Ата», Эрлан Андашевдин «Чүйлүк кызым» чыгармалары аталган өрөөнгө арналган.

Бишкегим, Бишкегим борборум сен...

Борбор калаабыз Бишкекке арналган чыгармалар ондоп саналат. Алсак, белгилүү коңур үндүү опера ырчысы Керим Тураповдун «Бишкегим», Салтанат Ашированын «Фрунзе», Асель Кадырбекованын «Бишкек-Ташкент», Чыңгыз Турдубековдун «Бишкек кечи», Тотомидин Жолдошевдин «Бишкек-Каракол», Кубаныч Сатаевдин «Бишкегимдин кечтери», Айгерим Расул кызынын «Түнкү Бишкек», Өктөм Сапар уулунун «Бишкек-Москва», Азамат Исмаиловдун «Бишкектин жолдору», Бек Борбиевдин «Бишкекке», «Бишкек- Алматы» чыгармалары.

Эң көп окулган жаңылыктар