Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Жолголот айылында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, сел өтүүчү каналдан суу ашып, кыш чыгаруучу заводдун аймагын каптаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, кыш чыгаруучу заводдон 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.
Бүгүн дагы селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.