Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолго бүгүн бир саатка убактылуу чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ИИМ маалымдайт.
«Башка күндөрү эч кандай чектөөлөр киргизилбей, жолдор ачык болот. Ошондуктан, 26-28-июль күндөрү Ысык-көл облусуна бара жаткан учурда тынчсызданбай койсоңуздар болот жана жол кыймылынын эрежелерин сактаңыздар», — деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Баткенден Чолпон-Ата шаарына келет. Президенттер чек ара маселесин көл жээгинде талкуулашат.