17:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда бир адам каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы кабарлады. Кийинчерээк бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы дагы ырастады.

Расмий маалыматтарга караганда, 22-июлда саат 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылар желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Ворух айылы — Кыргызстандын аймагында жайгашкан тажик эксклавы. Анын маңдайында Ак-Сай айылы жайгашкан.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын билдирди. Анын айтымында, окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтыктарды колдонсо, тажик тарап таш ыргыткан.

Каза тапкан киши 52 жаштагы жергиликтүү мугалим Жалолидин Кароев экени белгилүү болду. Жараат алгандардын арасында Согди облусунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Абдурасул Шомирсаидов да бар.

Ворух ооруканасынын башкы дарыгери Карима Хакимова жаракат алгандардын абалын оор деп баалады. Ал жаңжал маалында Жалолиддин Кароев каза болгонун, ок анын көзүнө тийгенин билдирди.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарандык адамдар ок атуучу курал колдонушканын кабарлады. «Бир аскер кызматкерине ок тийген. Жаракат алгандардын арасында милиция кызматкери жана жарандык адамдар дагы бар. Эки тараптан тең адамдар бири-бирине таштарды ыргытышкан», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Учурда Исфара — Ворух автожолу жабык турат. Чатак чыккан жерде Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери жүрөт. Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжалдын уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, бүгүнкү күнгө карата анын 504 гана чакырымы делимитация жана демаркация болгон.

Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар