Кыргыз өкмөтү быйыл компьютердик технология тармагына адистердин ордун көбөйттү. IT адистери учурда эң бир көп айлык алган жана талап чоң болгон кесиптерден. Жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алгандардын көпчүлүгү дагы компьютердик технология жаатында билим аларын белгилешкен. Андан кийин медицина жана экономика багынтындагы факультеттер толот.
Ошол эле учурда өкмөт абитуриенттерге маалыматтык коопсуздук, санарип технология, байланыш, тоо-кен тармагы, медицина, маркетинг, агрардык инженерия жана курулуш жаатында билим алуу сунуштады.
Ал эми эмгек рыногунда жыл өткөн сайын көп кесиптер өзүнүн актуалдуугун жоготуп, маалымат технологиянын өнүгүшү менен жаңы кесиптер пайда болууда. Айрым эксперттин айтымында, бир катар жумуш орундар эртең керексиз болуп калат.
24.kg агенттиги эмгек рыногунун азыркы абалына жана келечигине көз чаптырды.
Сатуучу, дизайнер жана бухгалтерлерге суроо көп
Эгер кадрдын агенттиктердин маалыматтык баракчаларына көңүл бурсак, анда бир эле сайтта 140 миң киши резюмесин киргизсе, 4 миң гана бош жумуш орунга кызматкер изделүүдө. Эң көп жумуш издегендер алар тажрыйбасы жана кесиби жок жарандар. Мындай шартта жалпысынан 27 миң киши жумуш издөөдө. Буларга жаштар кошулбайт. Убактылуу иш табуу аракети менен кадрдык агенттикке 15 миң жаштар кайрылышкан. Алар менен тең администрадивтик персонал (жетекчинин жардамчысы, сатуучу, кеңсе менеджери) дагы иш таппай жүрөт. 12 миң киши сатуу тармагында, 9 миң киши экономика жаатында, 8 миң киши тейлөө тармагында иш издейт. Бул кесип элеринин ичинен эң эле азы — кызмат көрсөтүү, оңдоо жана курулуш жаатында иштей алгандар.
Бош ваканциялардын ичинде жаштарга талап күч, андан кийин кеңселер кызматкер издейт. Андан кийин соода түйүндөрүнө сатуучулар жана бухгалтерлерге бош орундар бар.
Андан тышкары, программист, веб-дизайнер жана системный администраторлорго 200гө жакын бош орун көрсөтүлгөн. Маянасы 15 миңден 1,5 миң долларга чейин.
Айтмакчы, 33 ишкана интернет жаатындагы адистерди издейт. SSM милдетин алгаан кызматкерлерге 15 миңден өйдө акы төлөп берүүгө даяр.
«Динозавр» кесиптер
Компьютердик технология бир катар жумуштарды өзүнө алып, ал кесип ээлерин бошотот. Мындан ары мисалы, бухгалтерлерге талап жоголот. Эсеп-кысап, финансалык отчетту атайын программа ишке ашырат.
Андан тышкары, корректорлор, журналисттер дагы ишсиз калышат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында айрым кызматтардын ордуна киши эмес, жасалма интеллект ишке алынат.
Эксперттердин айтымында, мында аналитикалык жана иликтөөчү журналисттер гана жумуш ордун сактайт.
Банктардагы дагы айрым штаттык бөлүктөр кыскарат. Анткени, бара-бара банктык тейлөө онлайн жүргүзүлүп, кадларга кызмат көрсөтүү зарылчылдыгы жоголот. Жада калса насыяга дагы электрондук байланышта арыз берип, жообун алууга болот. Бул турагенттерге дагы тиешелүү. Жолдомону, билетти онлайн сатып алып, отелди дагы интернеттен тандап, брондоп койсо болот.
Кыймылсыз мүлк, соода агенттери жана котормочулар да ишин жоготот. Мында дагы VIP кызматтар гана өзүн сактайт.
Атүгүл медицина тармагында да кишилердин саны азаят. Роботтор азыр эле хирургиялык операцияларды жасап калганы белгилүү.
Бейтаптарды кабыл алуу, алардын дартын аныктоо, медициналык карталарды толтуруу, ошондой эле фармацевтердин зарылчылдыгы болбой калат.
Келечекте ким болуу керек?
Азыр убакыттын көп бөлүгү интернетте өтсө, келечекте ал биздин жашообузга айланат. Андыктан кесиптер, жумуштар дагы ушул тармакка байланыштуу болот.
Медицина тармагын тейлеген R&D менеджерлер пайда болот. Алар иликтөө, топтоо жана дарылоо үчүн жаңы программаларды иштеп чыгуу милдетин аткарышат.
Виртуалдык дүйнөнүн архитектору, учкучсуз транспорттук архитектору, жандуу системанын архитекторлору, агроинформатик пайда болот.
ICO аналитик адистери криптовалюта менен блокчейн тармагын колго алат.
Кыскасы келечектеги кесиптер компьютер, маалыматтык технология жаатында мыкты билимди жана аналитикалык талантты талап кылат.