18:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ташкентте кишилердин жүздөрүн аныктоо системасы киргизилиши мүмкүн

Ташкентте кишилердин жүздөрүн аныктоо системасы киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу эл аралык ЖМК маалымдайт.

Өзбекстандын укук коргоо органдары кытайлык Huawei компаниясы менен бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бул система «Коопсуз шаар» долбоорунун бирден бир негизги элементи болот. Жол эрежелерин бузуу фактыларын каттаган камералар 115 жерге коюлат жана жүздөрдү таануу параметрлерине жооп берет.

Жүздөрдү аныктоо системасы Кытайда кеңири колдонулат. Ошол эле маалда бул система адам укуктарын жана эркиндиктерин чектейт деп, кескин сындагандар да бар. Америкалык жарандык эркиндикти коргоо бирикмеси (ACLU) кишилерге дайыма байкоо жүргүзүү жарандык активдүүлүктү төмөндөтөт, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү түп тамырынан өзгөрөт деп эсептейт.

Май айында Сан-Франциско бийлиги жергиликтүү мекемелерге, анын ичинде полицияга кишилердин жүздөрүн аныктоо системасын колдонууга тыюу салган.

Ошол эле маалда кишилерди аныктоо системасына толук бөгөт коюу башка көйгөйлөргө да жол ачат, дайынсыз жоголгондорду же шектүүлөрдү издөөгө кедерги кедерги болушу ыктымал.

Эң көп окулган жаңылыктар