Жогорку Кеңеш «Лексуса-470» машинасын 254 миң сомго оңдойт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалат.
2003-жылы чыккан «Лексуса-470» унаасынын алдынкы айнегин алмаштырып, кыймылдатуучу бөлүктөрүн оңдоо талап кылынат.
Ага каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтык унаадан баш тартышкан.

