16:27
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Индия Алай менен Кара-Кулжада кино тартмакчы

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат. Мындай ниетин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри мырза Ош облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Индия мелодраммаларындагы кооз табият, тоолор, көлдөр, кышкы табийгат Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат. Бул өтө кымбат. Дал ошондой кооз табийгат жылдын 4 мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар. Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга да кенен жарнама болмок», — деди элчи.

Мындан сырткары Индия тарап табийгый тоо балы менен кыргыз жаңгагын импорттоого кызыкдар.

Эң көп окулган жаңылыктар