Швейцария Кыргызстанга кышкы туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Бул боюнча документке президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлду.
Швейцария менен Кыргызстан айыл-чарба продукциялары жана туризм жаатында кызматташмакчы.
Андан сырткары, Швейцария суу менен камсыздоо системин калыбына келтирүүгө, мамлекеттик карызды башкарууга жардам берет.
Сооронбай Жээнбековдун иш сапары бүгүн жыйынтыкталат.