Сооронбай Жээнбеков бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда. Швейцариядан кайтып келе жатып, президенттин учагы Москвага конот.
«11-июлда президент кыска иш сапар менен Москвада болуп, Россиянын өлкө башчысы менен сүйлөшүү жүргүзөт», — дейт маалымат кызматы.
Эки өлкө лидеринин жолугушуусунун темасы ачыкталбайт.