14:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Көкөмерендеги кырсык. Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды

Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды, баласы изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү бүгүн, 10-июлда болжол менен саат 17:20да Арал айылынан 2-чакырым ылдый Көкөмерен дарыясынан табылган.

ӨКМден кабарлашкандай, бүгүнкү издөө иштерине жалпысына 102 куткаруучу тартылган, учурда издөө иштери уланууда.

Эске салсак, 30-июнь күнү болжол менен саат 10:00дө Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган. Ал унаада Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен болгону айтылган. Унаада беш адам — 4 киши жана 1 бала болгон.

2-июлда унаанын ичиндеги айдоочусу менен Чүй облусунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдун сөөгү табылган. Андан кийин 4-июлда болжол менен саат 19:30дар чамасында Молдакун Абдылдаевдин небере кызынын сөөгү табылгандыгы кабарланган болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар