12:24
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аба-ырайы. Эртең айрым аймактарда жаан жаайт

Эртең айрым аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Алардын маалыматында, 11-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

11-июлда күндүз жана 12-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

13-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Чолпон-Ата шаарында 11- 12-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-июлда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар