04:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жол коопсуздук башкармалыгы депутаттын уулу катышкан кырсыктын күбөлөрүн издейт

Жол коопсуздук башкармалыгы депутаттын уулу катышкан кырсыктын күбөлөрүн издөөдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

7-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долонотуу айылында болгон кырсыктын себептерин тактоо жана калыс тергөө жүргүзүү үчүн күбөлөрдү маалымат берүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, «Lexus» жана «BMW Х7» кагылышкан кырсыкта төрт адам каза болду. «BMW Х7» машинеси Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык. Азырынча рулду ким башкарганы белгисиз. 

Күбөлөр төмөнкү номурларга чала алат: 0312630900, 630901, 0392254505, 54550, 0392251555, 0312294010, 0705755988.

Эң көп окулган жаңылыктар