19:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган депутаттын уулунун абалы оор

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Токобековдун абалы оор. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунан билдиришти.

Темирлан Токобековдун жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалганы айтылууда.

7-июлда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долонотуу айылында болгон кырсыкта үч адам каза болгон. Төртүнчүсү бүгүн ооруканада көз жумганы белгилүү болду. Дагы экөө Бишкекке дарыланууга которулган.

Жолдо «Lexus» жана «BMW Х7» кагылышкан. «BMW Х7» машинеси Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык. Азырынча рулду ким башкарганы белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, Темирлан Токобеков арткы орунда олтурган.

Эң көп окулган жаңылыктар