10:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мамлекеттик карыз өсүүдө. Ар бир жаранга 696 доллардан туура келет

Май айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карызды калкт башына бөлгөндөн ар бир жаранга 696 доллардан туш келип, 1,51 долларга көбөйдү.

Финансы министрлигинин маалыматында, 2019-жылдын 31-майына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 453,86 миллион долларды (311 миллиард 102,22 миллион сом) түздү. Анын 3 миллиард 783 миллион (264 миллиард 242,34 миллион сом) доллары тышкы карыз, 670,86 миллион (46 миллиард 589,88 миллион сом) доллары ички карыз.

Бир айда мамлекеттик карыз 9,12 миллион долларга өстү. Ошол эле учурда тышкы 2,96 миллион долларга азайган, ички аласалар 32,08 миллион долларга көбөйгөн.

Кыргызстандан мурдакыдай эле Кытайга 1 миллиард 701,46 миллион доллар карыз.

Майдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ИДӨнүн 51,4 пайызын түздү.

2019-жылдын 1-майына карата өлкөдө 6,4 миллион киши жашаган. 

Орточо айлык акы — 15 миң 875 сом. Мамлекеттик карызды жоюу үчүн ар бир тургун айлыгынын 3, 06 бөлүгүн бериши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар