Президент расмий сапар менен Швейцарияга барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Сооронбай Жээнбеков Швейцария президенти Ули Маурердын чакыруусу менен 9-11-июнда болот.
Швейцариянын жетекчилигинен сырткары, өлкө башчысы бизнес коомчулук менен да жолугушат. Инвестиция, соода-экономика, банктык сектордогу алака боюнча келишимдерге кол коюлат.