17:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 35,7 млн. евро берет

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлганын билдирди.

Бул тууралуу 6-июлда Бишкекте Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушкандан кийин журналисттерге айтты.

Министр Кыргызстан үчүн Евробиримдиктин парламенттик тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалап, 2018-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

6-июлда эки тарап ортосундагы жаңы кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүү аяктады. Анда Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишим жаңыланып, учурдагы шартка ылайыкташкан.

Жаңы келишимде саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган.

Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү келишимде каралган.

Эки тараптын юристтери жана лингвисттери келишимдин текстин изилдеп чыгат. Андан соң ички процедуралардан өтүп, кол коюлат. Чыңгыз Айдарбеков Могерининин Бишкекке сапарын «тарыхый» деп атап, Евробиримдик менен Кыргызстан бизнес форумун өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар