09:18
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Зыяратчылардын катарына дагы 500 киши кошулат

Сауд Арабия Кыргызстанга кошумча 500 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, квота Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын суранычы менен жүзөгө ашырылып, квота улуттук статистика комитетинин берген маалыматынын негизинде калктын санына жараша район, айыл өкмөт деңгээлине чейин 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан бөлүштүрүлдү.

Алар бүгүн кечке чейин калькуляцияда көрсөтүлгөн 3 миң доллардан калган 2 миң 500 долларын төлөөлөрү зарыл.

«Жаңы кошулган зыяратчыларга биз кийим тигип жетишпейбиз. Бирок, эмдөөдөн өтүшөт», — деди муфтияттан.

Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5 миң 510 квота бөлгөн. Эми жалпы келген квотанын саны 6 миң 10ду түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар