10:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

5-июлга карата аба-ырайы

5-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35,

Нарын аймагында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9..14, күндүз 24...29,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −3...+2, күндүз 11...16° болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 31...33° болот. Жаан-чачын жаабайт.

Эң көп окулган жаңылыктар