КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Алмазбек Атамбаевдин эмгегин Ленин менен Сталиндин эмгегине салыштырды. Бул тууралуу ал бүгүн «Форум» имаратынын алдында өткөн жыйында билдирди.
Ал көпчүлүктү бийликке каршы күрөшүүгө чакырды.
Журналисттердин эсине Курманбек Бакиевдин бийлиги кезинде өлтүрүлгөн журналисттерди эске салды.
«Ленин менен Сталин 60 жылда сала албаган жолду, Атамбаев 6 жылда салды. Эми мына тез эле Жалал-Абадка жетип барат. Мен өзүм үчүн эмес, өлкө үчүн чыгып жатам», — дейт ал.
«Айкөл -Ала-Тоо» коомунун мурдакы жетекчиси Мээрбек Мискенбаев өлкөдөгү кырдаалга бир гана Сооронбай Жээнбеков күнөлүү экенин белгиледи.
«Андыктан биз Жээнбековдун, анын туугандарынын жана куда-сөөктөрүнүн кетишин талап кылабыз», — деди ал.