Бүгүн Бишкекте абанын темперутурасы түнкүсүн 19...21, күндүз 34...36 градуска чейин ысык болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36, Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 7...12, күндүз 26...31 градуска чейин жетет.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37 градуска чейин ысык болот.