10:04
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу май алып келе жаткан унаалар кармалды

Талас облусуна караштуу Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде мыйзамсыз түрдө күйүүчү-майлоочу май алып келе жаткан унаалар кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Казакстандан келе жаткан «Мерседес» жана «MAN» үлгүсүндөгү чоң унааларды чек арачылар токтотуп, текшерүүгө алышкан. Анда техникалык документте көрсөтүлбөгөн кошумча бактар табылган.

«Бакта куюлган майдын көлөмү 800 литрден ашты. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин Кыргызстандын 1992-жылы туулган Э.Н., жана 1962-жылы туулган Д.А. аттуу жарандары кармалды. Алар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматына өткөрүлүп берилди», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар