20:00
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кожомкул балбандын 130 жылдыгына президент 400 миң сом бөлүп берди

Кожомкул балбандын 130 жылдыгына президент 400 миң сом, премьер-министр 300, төрага 200 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

Кожомкул балбандын 130 жылдыгы Суусамыр Кара-Кол жайлоосунда 29-июнь күнү ат оюндары менен башталат.

«Биринчи жолу, «ат көтөрүү», «таш көтөрүү» деген жаңы оюндардын түрлөрү ойнолот. Анткени, Кожомкул ата өзү балбан болгон. Андыктан, ат, таш көтөргөн балбандар казак, өзбек туугандардан чакырылды. Ат көтөргөн жеңүүчүгө бир унаа, таш көтөргөнгө бир унаа байгелер коюлду. 2-3-орундарга да сөзсүз байгелер да болот. Мындан сырткары, көк бөрүгө, ат чабышка, эр эңиш, күрөшкө бирден унаа, жалпысынан 7 унаа баш байге коюлду», — дейт депутат.

Анын айтымында, мааракеге бюджеттен акча бөлүнгөн жок. Президенттин фондунан 400 миң сом, премьер-министр 300 миң, спикер 200 миң сом берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар