12:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Министрлик: ЖОЖдор ката менен басылып чыккан аттестаттарды кабыл алышат

Кыргызстандагы ЖОЖдор кыргыз тилдүү мектептердин ката менен басылып чыккан аттестаттарын кабыл алышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Сөздө грамматикалык ката жок, болгону боек агып калган. Биз ЖОЖдор менен сүйлөштүк, алар аттестаттарды кабыл алышат. Эгерде абитуриент чет өлкөдөгү ЖОЖго тапшыргысы келсе, ал министрликке кайрылса болот», -деп билдиришти министрликтен.

Ведомство аттестатты кайра басып чыгарбайт.

Эске салсак, аттестаттагы каталар тууралуу окурмандар билдиришкен. Документке «н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасын жазып коюшкан.

Эң көп окулган жаңылыктар